super.kg logo

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 185ке жетти

 

Бүгүн, 20-сентябрга карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын саны 185 адамды түздү. Анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканаларда жалпысынан 164 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 60 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экендиги айтылат.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: