20-сентябрга карата Баткен облусуна 775 миң 677 тонна гумжардам жеткирилди

“Аймактагы жабыркаган жарандарга, муктаждарга, эвакуацияланган калкка топтолгон гуманитардык жардамдарды жеткирүү, кабыл алуу боюнча иштер күнү-түнү активдүү аткарылууда. Баткен облусуна жалпысынан 775 миң 677 тонна жардам келип түштү.
Анын 610 миң тоннасы ар бир райондорго, ар бир айыл өкмөттөргө жеткирилүүдө. Ал эми таркатуу иштери комиссиялык негизде таркатылууда. Бул комиссиянын башчылыгында жергиликтүү бийлик турат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү бул комиссиянын курамына кирип, жерине жеткирүү, жүктөө, түшүрүү сыяктуу техникалык камсыздоо иштерин аткарат”, - деди Жолдошбаев.
Анын айтымында, эвакуацияланган жарандарды, убактылуу жайларга жайгаштыруу, аларды үч маал тамак менен камсыздап, балдар үчүн күнүмдүк гигиеналык каражаттарды бөлүштүрүп беришүүдө. Мындан сырткары штабдын башчысынын чечими чыккан күндөн тартып, жарандар туруктуу жашаган үйлөрүнө көчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.