super.kg logo

Финансы министрлиги: "Атайын эсепке 227 миллион сомго чукул каражат түштү"

 

Бүгүн, 21-сентябрь саат 16:15ке карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 226 миллион 935 миң 472 сом түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улан Даникеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке түшкөн каражат чек арада орун алган куралдуу кагылышууда жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жумшалат.

"Азыркы учурда каражат эч жакка жумшала элек. Комиссиянын чечимине карап каражаттар сарпталат. Ал тууралуу дагы маалыматтар берилет", - деди Даникеев.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле финансылык алдамчылыктын алдын алуу максатында ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: