Өкүлчүлүк: "Баткенде ок атышуу болгон жок"
Саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Социалдык тармактарда айтылып жаткан расмий эмес маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан баарыңыздарды такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Өкүлчүлүктөн саат 19:30да эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталганын айтып, кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы чек арада абал чыңалуу бойдон сакталып турганын билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.