super.kg logo

Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

 

Президент Садыр Жапаровдун АКШнын Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы БУУнун Катчылыгынын имаратында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, уюм менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында президент чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

Алсак, Швейцариянын президенти Иньяцио Кассис, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, БУУнун Билим, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Одри Азуле, БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуулар болду.

Бүгүн, 21-сентябрда Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2022. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Эми жамандай бербей, иштегенине мумкунчулук берип колдоп туралы!
22.09.2022. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып келгени жакшы болду бирок результаты эмне болду, Кыргызстанга кандай пайда болду ошону жазгылачы. Барды анан кирди чыкты дей бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: