super.kg logo

Баткенден Ош шаарына 5 миңден ашуун жаран келди

 

Ош шаарына Баткенден 5 миңден ашуун жаран келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордук аянтта ачылган Ош шаарынын борбордук штабы Баткен облусунан келген тургундарды жайгаштыруу боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Мында мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жаш активисттер, ыктыярчылар, медицина кызматкерлеринен турган бригада, ошондой эле кичи автобустар жаңы келген жарандарды убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жеткирүүгө даяр турушат.

"Ал жерде мэриянын тиешелүү жетекчилери жана кызматкерлери күн сайын келип, психолог, медицина кызматкерлери тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул иштерге шаардагы жогорку окуу жайлардын жетекчилиги, бир катар мейманканалардын администрациясы колдоо көрсөтүүдө", - дешти мэриядан.

Расмий маалыматтар боюнча, Баткен облусунан келген 2500дөн ашык адам убактылуу жайгаштыруу борборлорунда турат. Алардын көбү аялдар жана балдар.

Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, Баткен облусунан келип, шаардагы туугандары, достору, тааныштарынын үйүндө жашап жаткан тургундардын саны 5 миңден ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: