ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат
Интернетте чек арадагы чыр-чатак тууралуу көптөгөн бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришет.
Белгилүү болгондой, бурмаланган жана орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн.
"Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү, жалган жана туура эмес маалыматтын жайылышына жол бербөөнү, ушактарды көбөйтпөөнү, расмий мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат.
Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайбыз. Бардык эрежени сактоого чакырабыз", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.