super.kg logo

Бишкектеги Дордой-1 жана Эне-Сай конуштарын байланыштырган көпүрө пайдаланууга берилди

 

Бишкек шаарынын Эне-Сай конушундагы жол унаа каттамы үчүн ачык. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Гидростроительная көчөсүн Курманжан даткадан Аул көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери аяктады.

Жол жана көпүрө куруу боюнча негизги жумуштар бүткөрүлдү. Аталган жол “Дордой 1” конушу менен “Эне-Сай” конушун байланыштырып турат.

Жолдун узундугу 1, 4 чакырымды, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жөө адамдар үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуарлар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн арыктар орнотулду.

Ошондой эле бүгүндөн тарта Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ведомстволор аралык комиссиясынын чечими менен Дордой конушунда жайгашкан мурдагы акыркы пунктунан №192 кичиавтобустук каттам Эне-Сай конушуна чейин узартылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: