super.kg logo

Шахмат боюнча өткөн Батыш Азия чемпионатында кыргыз окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту

 

Ысык-Көлдө шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Батыш Азия чемпионатында бишкектик окуучулар 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шахмат боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Батыш Азия чемпионатында 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Чемпионат Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Индия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу жети мамлекеттен 20 жашка чейинки 30га жакын улан-кыздар катышты.

Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц.

Классикалык шахмат боюнча чемпионаттын жыйынтыгы:

Ачык:
1. FM Абдурахмонов Мухаммадали
2. FM Конгресси Руслан
3. FM Абдилхайыр Абилмансур

Кыздар арасында:
1. Маликова Маржона
2. WIM Султанбек Зейнеп
3. Шокиржонова Барчина

Рапид чемпионатынын жыйынтыгы:

Ачык:
1. FM Орозбаев Элдияр
2. FM Абдилхайыр Абилмансур
3. FM Жакшылыков Эржан

Кыздар:
1. WCM Омонова Умида
2. WIM Серикбай Асел
3. Сездбекова Айжан

Блиц чемпионатынын жыйынтыгы:

Балдар:
1. FM Конгресси Руслан
2. FM Абдурахмонов Мухаммадали
3. FM Орозбаев Элдияр

Кыздар:
1. WCM Омонова Умида
2. WFM Махдиан Ануша
3. WFM Асгарзаде Митра






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2022. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Жок дегенде ушинтип суйунтуп тургулачы! Кыргызымдын сыймыктары! булардан чемпиондор чыгат алдыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: