Баткенге 1 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди
Бүгүн, 22-сентябрь саат 11:00гө карата Баткен облусуна 1 миң 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев маалымат жыйында билдирди..
“Республика боюнча 1 миң 131 тоннадан ашуун гуманитардык жардам келди. Анын 959 миң тоннасы облустагы жер-жерлерге жеткирилди. Ал эми 173 миң тонна гумжардам кампада турат.
Баткен облусунда облустук, райондук, айыл аймактык деңгээлде кампалар ачылып, ал жактарга гуманитардык жардамдар жеткирилип берилүүдө. Жарандарга бөлүштүрүү иши жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүп жатат. Эгер кимдир бирөөгө гуманитардык жардам жетпеген учур катталса, "112" номери аркылуу кайрылса болот. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт”, - деп билдирди Ырысбек Жолдошбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.