Саат 14:00гө карата Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу
22-сентябрь саат 14:00гө Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүн, 22-сентябрь саат 14:00гө карата Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Учурда эки облустун жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу да өз кызматтарын аткарышууда. Ал эми Тажикстандын куралдуу кол салуусунан зыянга учураган айылдарды калыбына келтирүү иштери өз нугунда жүрүп жатат.
Тиешелүү чек ара пункттарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин тыкыр аткарышууда. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарыбызга бүгүнкү күндө тиешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү, таратуу жана кабыл алуу иштери боюнча ар бир айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилди. Бүгүнкү күндө келген гуманитардык жардамдар элдерге айыл өкмөттөрдө айыл башчылар тарабынан тапшырылууда.
Тажикстандын кол салуусунан улам 140 миңден ашуун жаран коопсуз аймактарга эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө алардын баарына Бишкек жана Ош шаарларынан тажрыйбалуу психологдор келишип кеңешип, иш алып барышууда.
Ошондой эле тажик тараптын кол салуусунан улам зыянга учураган айылдарда тазалоо, калыбына келтирүү жана жарылбай калган жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Андыктан баарыңыздардан дүрбөлөң түшпөөнү суранабыз. Ошондой эле социалдык тармактарда айтылган ок атуу боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Ал эми коопсуз жайга чыгарылган жарандар, өзгөчө аялдар жана жаш балдар тазалоо иштери аягына чыкканга чейин ошол убактылуу жайгашкан жериңиздерде күтүп турууңуздарды суранабыз. Азыркы учурда тактоо, зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу тоскоол болбой турууңдарды өтүнөбүз", - деп билдирди ал.

