“Манас” аэропортунда 3 ПЦР-лаборатория иштеп жатат
“Манас” эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 3 экспресс-лаборатория иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, ПЦР-анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын төмөнкү экспресс-лабораториялардан алууга мүмкүн:
- Бонецкий лабораториясы;
- Medikana Plus;
- AMSBIO lab;
Мекемеден билдиришкендей, "Манас" эл аралык аэропорту ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.
"Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЦР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.