Айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27,
Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.