Жазаларды аткаруу кызматында мамлекеттик тил күнү белгиленди










Жаза аткаруу кызматынын Борбордук аппаратында мамлекеттик тили күнү белгиленди. Мекемеден билдиришкендей, иш-чарага ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев, ЖАКнын Башкы штабынын башчысы Баатыр Калыгулов, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сыртбай Мусаев, төкмө акын Акматбек Султанов, акын Бердибек Жамгырчиев жана кызматкерлер катышты.
Салтанаттуу иш-чарада манас айтылып, акындардын ырлары көркөм окулуп, төкмө акындар комуздун коштоосунда эне тилди даңазалады.
Төрага Эгембердиев куттуктоо сөзүндө кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүгө, эне тилдин баркын көтөрүүгө жасалган чоң кадам экенин белгиледи.
Иш-чаранын максаты - өздүк курамды мекенчилдикке үндөө, рухий, маданий дүйнөнү байытуу, адамдык асыл сапаттарга тарбиялоо.
Маалымат үчүн: Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

