super.kg logo

"Кыргызстан Баткенден башталат". Мектептерде мекенчилдик сабагы өткөрүлөт

 

Мектептерде "Кыргызстан Баткенден башталат" аталышындагы ачык сабактар өткөрүлөт. Мунун максаты окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу болуп саналат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин «Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйругунда төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу белгиленди.

- билим берүү уюмдарында — Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматкерлерин жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;

- “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы,

- “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы,

- “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу,

- “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;

- мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

- Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.

Эске сала кетсек, 14-17-сентябрда Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: