super.kg logo

Орусиянын жарандыгын алгандарга армия милдеттүү түрдө болушу мүмкүн. Кеп кыргызстандыктар дагы жөнүндө

 

Орусия президентинин алдындагы адам укуктары кеңешинин мүчөсү Кирилл Кабанов өзүнүн телеграм каналына Орусиянын жарандыгын акыркы он жыл ичинде алган Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер үчүн милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөө демилгесин даярдап жатканын билдирди.

"Орусиянын президенти тарабынан жарыяланган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында биз Орусиянын жарандыгын жаңы алган Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер үчүн бир жылдык милдеттүү аскердик кызмат жөнүндө сунуштарды даярдап жатабыз. Буга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келгендер кирет. Аскердик милдетти аткаруудан баш тартуу аскер кызматына милдеттүү адамды гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүн да Орусиянын жарандыгынан ажыратууга алып келет.

Бул демилгени ишке ашыруу жогоруда аталган мамлекеттердин бийликтери тарабынан өз жарандарынын ыктыярдуу түрдө атайын аскердик операцияга катышуусуна расмий тыюу салууга адекваттуу жооп болот. Бул үчүн алар өз мекенинде кылмыш жазасына тартылат", - деп жазды ал.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: