super.kg logo

ИИМ: "Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат"

 

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 20га жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жогорудагы жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилишкен. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө.

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.

Ошондой эле министрлик аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу" боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: