super.kg logo

"Мен бийликке келгенде армиябыз "итке минип" калыптыр". Президент куралдуу күчтөрдүн азыркы абалын айтты

 

Бүгүн, 23-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров акыркы окуялар боюнча "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек берди.

Суроо: "Биздин Куралдуу күчтөрдүн абалы, даярдыгы кандай? Кудай сактасын, тыштан агрессия болуп калса, алардын чабуулунун мизин кайтарганга күч жетеби? Жетет десеңиз, анда буга чейин эмнеге биздин айылдарга чейин тебелеп-тепсеп, аралап кирип келишти?"

Жооп: "Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. 10 танкы болсо, экөө от алат. Анда дагы беш чакырымга жетпей өчүп калышты. Калганы жүрмөк түгүл от албайт. 70-80-жылкы танктар аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок. Эмнесин айтайын, мына ушундай итке минген армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз.

"Итке минген" армиябыз эми "атка минип" турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз. Ал эми “биздин айылдарды тебелеп кетти” деген сөзүңүзгө жооп берейин. Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калган. Союз чачыраганы биздин элдерибиз үйлөрүн сатып, Бишкекке же Орусияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.09.2022. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин Ажобуз Жакшы иштеп жатат.
23.09.2022. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сиз бир кыйын чыктынызго мен эле мен, отуз жылда мындай болгон эмес, мурунку бийлик кылбаганды кылдыныз, но результат жок
23.09.2022. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кирип КОММЕНТ жазайын десем 2 Адам уже оказывается Комментировали ЭТУ ТЕМУ. НУ, Короче , По Сути Тему хотела оставить Комментарию(ЛИЧНОЕ МНЕНИЕ), УВЫ(( Хотела Плясануть-- Вышел Минус((( А, Минусовать -- То, ++!! А ТАК, У ВАС, СУПЕРИНФО --- РЕЙТИНГ 000000!!! Хоть МЕНЯ УДАЛЯЙТЕ ИЗ ЭТОГО СУПЕРИНФО КЗ ((( НО, ЖАПАРОВ И ВПРАВДУ ГОВОРИТ. ПО ТИК- ТОК УВИДЕВ Я ПРЯМ РАССПЛАКАЛАСЬ!!!! ОК-ДАРЫ ЖОК УЧУН ОЛУП КЕТТИ БИЗДИН ЧЕК АРАЧЫЛАР!! ГРАНАТАНЫ 2 штуктан берет экен:::: ВОСПОЛЬЗОВАТЬ НА ПОСЛЕДНЕМ ,,,,,,,,
23.09.2022. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убакыт келет баарын таразалайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: