super.kg logo

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

 
Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул туурасында ТИМден маалымдашты.
22-сентябрда өткөн жолугушууда министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде Э.Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде «Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын» ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: