Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат
Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.
Маалымдалгандай, Баткен районунда жалпы 55 мектеп жана 48 бала бакча болсо, алардын ичинен 17 мектеп, 12 бала бакча иштеп жатат. Кооптуу аймактардагы башка билим берүү мекемелери иштебей турат.
"Район аймагынан 60 миңге жакын жаран эвакуацияланды. Алардын 26-30 миңи район ичинде калса, калган башка аймактарга чыгып кетти", - дейт Жоробаев.
Баткен районунда учурда абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.