super.kg logo

Чек ара кызматы: “Тамдык” чек ара заставасы учурда Кыргызстандын көзөмөлүндө"

 

Тажик тарап 16-сентябрда Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, кол салган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле аскер кызматкерлерине душмандын күчтөрүнүн үстөмдүгүнө карабай салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.

Массалык аткылоонун натыйжасында, “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган. Учурдан пайдаланып тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.

УКМКнын Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.

Учурда чек ара заставасынын аймагы Кыргызстандын көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2022. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо 16 сентябрдан бери козомолдобой эле Тажик тарапка таштап койгон экенда. Заставаны бошото албай жатат деген чын экенда демек. Алар заставанын айланасын тазалап ээлик кылып турганы чындык!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: