Бишкек: Спорт ордосундагы "Баткенге жардам" штабы жабылды
Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ачылган “Баткенге жардам” республикалык штабы ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, аталган штабга Баткенден үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон 6000 адам кайрылды. Алардын ичинен 2000ге жакыны атайын жайларга, калгандары жакындарыныкына жайгаштырылган. Ал эми элден чогултулган гуманитардык жардам толугу менен бөлүштүрүлүп бүттү.
"Баткенге жардам" штабы 18-сентябрда ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.