Чек арада жараат алган 137 адам ооруканада дарыланууда
Тажик тараптын Кыргызстандын аймагындагы куралдуу кол салуусунда жабыркаган 137 адам Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
"Жалпысынан 198 адам жабыркап, анын ичинен 61 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн", - деп айтылат ведоствонун билдирүүсүндө.
Алардын ичинен:
- 13 бала;
- 71 эркек;
- 14 аял.
126 жаран Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүп берилди:
- Улуттук госпиталь - 85;
- Ош облустук бириккен ооруканасы -16;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - 9;
- Улуттук хирургиялык борбор - 8;
- Тез жардам ооруканасы - 8.
Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын агрессиясы 59 кыргыз жаранынын өмүрүн алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.