super.kg logo

Баткен: Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 14 трансформатор жарактан чыккан

 

Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин 14 трансформатор жарактан чыкканын Баткен электр тармактар ишканасынын директору Асылбек Артыков билдирди.

Маалымдалгандай, Баткенге калыбына келтирүү жумуштарына Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Кыргыз электр тармактарынан 72 жумушчу, 10 топ тартылган.

“Бүгүнкү күндө бардык аба чубалгыларга электр жарыгы берилди. Бирок 14 трансформаторду алмаштыруу керек болуп турат", - деди Артыков.

Ал кошумчалагандай, Чүй электр тармактарынан 11, Жалал-Абад электр тармактарынан 2, Ош электр тармактарынан 5 трансформатор Баткенге жөнөтүлгөн. Алар келсе жогорудагы айткан трансформаторлор электр энергия менен камсыз болот.

Тажикстандын агрессиясынан Баткенде 319 даана трансформатор жабыркап, 13 миң 235 абонентке электр жарыгын берген линиялар иштен чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2022. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мындан да жешет шылтоого шыноо болуп
24.09.2022. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикистанга кеткен светти очуруп узуп салыш керек! Акмактар 62 адамдын омурун очурду!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: