Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 25-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 25-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.