super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы. Баткенде зыянга учураган үйлөрдүн курулушу эки күндөн кийин башталат

 

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан зыянга учураган турак жайлардын курулушу эки күндөн кийин башталат. Бул тууралуу бүгүн президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Маалымдалгандай, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт. Курулуштар толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат.

“Зыянга учураган турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, - деп билдирди Жунушалиев.

14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын 62 жараны мерт кетти. Жабыркагандар 200гө чамаласа, 140 миңге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: