super.kg logo

Мальдив аралдарына эми визасыз барсаңыз болот. Макулдашууга эки өлкөнүн ТИМ башчылары кол койду

 

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдив Республикасынын тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен жолугушту.

Визасыз режимдин географиясын кеңейтүү максатында жолугушуунун алкагында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Макулдашууда эки өлкөнүн жалпы жарандык, ошондой эле дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторуна ээ жарандары 30 күнгө тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотула тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: