super.kg logo

Кыргызстан менен Малави дипломатиялык мамиле түздү

 

Нью-Йорк шаарында Кыргызстан менен Малави Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Нэнси Тембо эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча Биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, биргелешкен коммюникенин текстинде тараптар дипломатиялык мамилелерди БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоо жана бекемдөө, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана эл аралык келишимдерди талаптагыдай урматтоо жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө сыяктуу принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен дипломатиялык мамилелерди түзүшкөнү белгиленет.

"Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинин соңунда министр Жээнбек Кулубаев менен министр Нэнси Тембо Кыргызстан менен Малавинин ортосундагы эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2022. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге нафиг кереги бар мындай өлкөлөр менен без визовой режим! Бизге европа жака киргенге оңойлотуш керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: