super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы. Саламаттык сактоо министрлиги зыянга учураган медициналык мекемелер тууралуу айтты

 

Саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан Баткен облусунда зыянга учураган медициналык мекемелер боюнча маалымат берди.

Баткен облусунун Баткен районунда зыянга учураган медициналык мекемелер боюнча маалымат:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» ФАПы: ФАПтын имаратынын чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык ондоого муктаж.

2. Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай ФАПы: Имарат толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

3. Баткен районунун Ак-Сай фельдшердик-акушердик пунктунун имараты жабыркаган эмес, оңдоого муктаждык жок.

4. Баткен районунун Достук айылындагы ФАП: Имарат толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар, ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

5. Баткен районунун Достук айылына караштуу "Тез жардам" унаасы: Чаткал элинен жардам катары берилген "Тез жардам" унаасы жабыркаган.

Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдынкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдынкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандары толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.

Баткен облусунун Лейлек районунда зыянга учураган медициналык мекемелер боюнча маалымат:

1. Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу №20 борбордук ҮДТнун имараты: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын айнектери талкаланган жана ички бөлмөлөрүнүн эшиктери талкаланган, дубалдарына ок атуучу куралдан жабыркаган. Имарат кайра курууга муктаж.

2. Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу Максат айылындагы ФАП: ФАПтын чатырына снаряд түшүп бөлмөлөрү жараксыз абалда. Медициналык жабдуулар жана эмеректер толугу менен жараксыз абалда. Капиталдык оңдоого муктаж.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2022. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онбой калгыла ылайфм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: