Баткен облусун социалдык камсыздоого 1 миллиард 87 миллион сом бөлүндү








Жыл башынан бери Баткен облусуна социалдык муктаждыктар үчүн 1 миллиард 870 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Лейлек районунда Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен тургундар менен жолугушууда билдирди.
“Ошондой эле министрлик аркылуу облустун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө чакан ишкана ачууга кошумча 25 миллион сом бөлүндү”, - деди министр.
Министр Лейлек районунда жаңжалдан жапа чеккен чек ара аймактарынын эвакуацияланган жашоочулары убактылуу жашап жаткан жайларды кыдырды. Министр жардамды азык-түлүк, кийим-кече, оюнчуктар түрүндө бөлүштүрдү.
Мындан сырткары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да атайын жабдыктар берилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ali88

25.09.2022. 14:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер темаңарда 1 миллиард 87 миллион, макалада 1 миллиард 870 миллион сом.
Kg.arts.

25.09.2022. 14:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali88 Катасын озубуз ондоп окуп кете беребиз ). Конуп да калдык го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.