super.kg logo

ӨКМ: Баткенде 81 миңдей жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда

 

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Эвакуация болгон 137 миңдей кишинин 80 миңден ашууну туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусу 136 миң 770 жарандын коопсуз жайга эвакуация болуусуна алып келген. Анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашса, 3 414 жаран эвакуациялык пункттарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен.

Министрликтин маалыматы боюнча, Баткен облусуна 1 миң 435 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 252 тоннаны ӨКМ жеткирсе, 1 миң 20 тоннаны жарандар өз күчү менен жеткиришкен. Учурда кампада 162 тонна гуманитардык жардам турат. Гуманитардык жардам чогултуу үчүн 126 пункт ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: