Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүүдө




Учурда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери, ал эми тажик тараптан УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле күч түзүмүнүн жетекчилери катышууда.
Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстан кыргыз тарапка куралдуу кол салган. Анын кесепетинен 62 Кыргыз жараны мерт кетип, жабыркагандардын саны 200гө чамалады. Куралдуу кол салуунун кесепетинен 140 миңге жакын жаран коопсуз жайга эвакуация болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
-FREEDOM-

25.09.2022. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жергебизде тынчылык болсун ылайым
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.