Бишкектин тургундары Баткенге 552 миң сомдон ашык жардам көрсөттү
Бишкек шаарынын тургундары Баткен окуясынан жабыркагандарга 552 миң 563 сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүштү. Маалыматты муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык:
- 12 357 килограмм ун,
- 49 311 килограмм кумшекер,
- 3095 литр өсүмдүк майы,
- 1393 даана консервацияланган азыктар,
- 7035 килограмм ун азыктары,
- 9065 килограмм гигиеналык каражаттар,
- 4007 медициналык керектөөлөр,
- 2700 килограмм жер-жемиштер,
- 2847 килограмм дан азыктары,
- 351 килограмм кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлдү.
Маалымат үчүн: Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 62 жаран каза болуп, 198 адам ар кандай жаракат алды. Мындан тышкары 430 ашык үй, мектеп, бала бакча жана башка административдик имараттар талкаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.