super.kg logo

Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыга тергөөгө чакырылды

 

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыга тергөөгө чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан чакырылып, жактоочусу Бакыт Автандил менен барганын кабарлаган.

"Менин кыйноого кабылгандыгым боюнча кылмыш иши 10-февралда эле ачылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мен сыяктуу кыйноого кабылган бир дагы адам табыла элек. 8 ай ичинде бийлик массалык кыйноолор боюнча объективдүү тергөө ишин жүргүзгөн жок. Алар кыйноого кабылган жабырлануучулар көрсөткөн укук коргоо кызматкерлерин шектүү деп таанышкан жок, далилдер жок кылынып, жабырлануучуларга жана жактоочуларына көрсөтүлгөн эмес. Мени террорчу катары, баш аламандыкка катышкан адам катары ур-тепкиге алынган абалда "Казакстан" телеканалына тартууга кудурети жетишкен, бирок тергөө изоляторундагы видео байкоого тартылган видеону табууга дарамети жеткен жокпу?

Эгер видео жазууну таба албай жатышса, мени кармап, кыйноого алган департаменттин жетекчилерин жоопко тартышы керек да. Арадан 8 ай өтсө да менин ишим боюнча бир дагы адам кармалып жоопко тартылган жок. Жөнөкөй казакстандыктардан башка органдардан расмий кечирим суроо да болгон жок", - деп жазган ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: