Ташиев: "Кыргыз-тажик чек арасында алынган посттордун ордуна милиция бөлүмдөрү ачылат"
Кыргыз-тажик чек арасында алынган посттордун ордуна милиция бөлүмдөрү ачылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы ар дайым конфликттер катталып турган постторду эки тараптан тең жоюу боюнча маселе каралган. Анын негизинде биз тараптан "Тамдык" чек ара тозоту, ал эми тажик тараптан "Бедак" тозоту толугу менен жоюлат. Ал жерге эки тараптын тең чек арачылары дагы, жарандар да келбей турган болду. Ошондой эле биз тараптан "Булак-Башы", тажик тараптан "Кёх" посттору жоюлат. 14-17-сентябрдагы чыккан конфликт дал ушул посттон чыккан. Андан сырткары биздин Дача жергесиндеги "Ак-Сай" посту менен Тажикстандын "Шаршана" посттору жоюлат. Бул эки постто дагы ар дайым конфликттер катталып келет. Бул посттордун ордуна ал жерге милиция бөлүмдөрун ачалы деп чечтик. Алар өз жагына, биз Ак-Сай айылынын кире беришине коёбуз. Куралданган жоокерлер ал тараптан да, биз тараптан да болбойт",- деди Ташиев.
Мындан сырткары Кыргызстан тараптан "Катта-Туз" менен Тажикстандын "Карачикум" посттору алынарын кошумчалап, аталган посттор жайгашкан аймактардын баарында тең эл жашабай турганын айтты.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан үч көзөмөл-өткөрмө посту жана бир чек ара тозоту эки тараптан тең алына турган болгондугу кабарланган. Мындай макулдашуу кечээ, 25-сентябрда эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын жолугушуусу учурунда бекитилген. Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгондугу, протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экендиги белгиленген.

