super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз көк бөрүчүлөрү аттарды Түркиядан ижарага алат

 

Социалдык тармактарда талкууланып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган аттар боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, анын ичинде негизги оюн болгон көк бөрү оюнуна Кыргыз Республикасы толук кандуу түрдө даярданган.

"Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана «Муалем Авиейшн» компаниясы белгиленген шарттарда гана аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттарды 27-сентябрда алып барып, кайра Кыргызстанга 3-октябрда алып келүү макулдашылган.

Бирок Түркия тарап көк бөрү оюну Көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн системада башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле кайра аттарды Кыргызстанга алып келүү мөөнөтү 2 жумадан узак убакытка чейин созулуп калган. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен, оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан.

Ушундай эле көрүнүшкө Казакстандын да командасы туш болду. Маалыматка ылайык, аталган авиакомпания Кыргызстандын 24 жана Казакстандын 15 атын алып кетмек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан да Казакстан да аттарды ижарага алышты. Оюнчулар көчмөндөр оюндарына катышууга толук даяр", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2022. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүбүздүн эле көнүшүп калган аттарыбыз барса жакшы болмок. Ийгилик каалайм баарына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: