Камчыбек Ташиев: "Жаңжал биздин өлкөнүн аймагында болду"
Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал Кыргызстандын аймагында болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.
"Бул жаңжал биздин аймагыбызда болду. Биз башка өлкөнүн аймагына кирген жопкуз, кирбейбиз дагы. Биз коргондук. Биз өз мүмкүнчүлүгүбүз менен биздин аймакты басып алууга аракет кылгандардан коргондук. Биз өзүбүздүн аймагыбызды, мамлекетибизди коргоого даярбыз", - деди Ташиев.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.