super.kg logo

Ошто 26 энеге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды (фото)

 

Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге "Баатыр эне" орденин жана "Эне даңкы" медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө энелердин мээриминин чексиздигине токтолуп, ар бир эне уул-кызын мекенин сүйүүгө тарбиялай турганын баса белгиледи.

"Ар бир эне өз баласын мекенин сүйсө, коомго пайдасы тийсе деп тарбиялайт экен. Апалар жөнүндө эч жаман сөз болушу мүмкүн эмес. Бардык энелер сулуу, мээримдүү жана жүрөгү кең. Балдарды төрөп, өстүрүп, коомго кошуу эбегейсиз эмгек. Биз сиздердин мээнетиңиздерге таазим кылабыз. Оорубаңыздар, дайым бактылуу жашаңыздар, энелердин көз жашы төгүлбөсүн", - деди мэр.

Бүгүн президенттин жарлыгы менен жалпы 14 энеге "Баатыр эне" ордени, 12 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарында 900гө жакын аял "Баатыр эне" орденин, ал эми 120га жакын эне "Эне даңкы" медалын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: