Эмгек министрлиги: "Кызыл-Кыяга 5 тонна ун жана азык-түлүк топтомдору жеткирилди"



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кызыл-Кыя шаарынын жана чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Кабарлангандай, Кызыл-Кыя шаарына 5 тонна ун, кийим-кече жана азык-түлүк топтомдору жеткирилген. Алар Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан жарандарга таратылды.
Министрдин айтымында, аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына мүмкүн болушунча даректүү жардам көрсөтүү, калктын бардык муктаждыктарына ыкчам жооп берүү тапшырмасы берилди.
"Министрлик бардык социалдык жөлөк пулдарды өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат. Райондук башкармалыктар менен онлайн-конференциялар дайыма өткөрүлүп, кырдаал көзөмөлдө", - деп белгиледи Базарбаев.
Баткен облусуна жалпысынан 80 тонна ун, майыптар коляскалары, балдак, кийим-кече жана азык-түлүк топтому жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.