super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы: 112 миңден ашык жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады

 
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткен облусу боюнча жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 18 281 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашса, 3839 жаран эвакуациялык пунктарда, 1701 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн саат 8:00гө карата 112 899 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Баткен облусуна жалпы 1500,637 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинен 265,717 тонна ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 198,3 тонна гуманитардык жардам турат.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.
Алар:
  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда – 13;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 53;
  • Чүй облусунда – 8;
  • Ош шаарында –1;
  • Бишкек шаарында – 4.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: