"Баалар асман чапчып, сыртта калдык ". Бишкекте батир акысы кескин кымбаттады
Акыркы учурда Бишкек шаарында батир акысы кескин кымбат болуп жатканына нааразы болгон жарандардын саны арбыды. Алар батир ээлери Орусиядан келген жарандардын агымы күч алгандан бери ижара баасын жогорулатып, айрым учурда батирден чыгарып койгон учурлар катталып жатканын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып атышууда. Алардын бир нечесин төмөндө мисал катары айта кетели.
Кайрылуулар боюнча жогорудагы жагдайларга юридикалык жактан кандай баа берилет деген суроо менен юрист Элдияр Карачаловго кайрылдык.
"Негизи жаран батирге чыгып жатканда келишим түзүшү керек. Эгер келишимде көрсөтүлгөн баа болсо жогорулата алышпайт. Бирок бизде көпчүлүк оозеки түрдө келишим түзүп алышат. Буга кепилдик жок. Келишим бузулган учурда сотко кайрылса болот. Калган көгөйлөр сот аркылуу чечилет", - деп билдирди ал.
Ошондой эле юрист батирди ижарага алып жаткан учурда ижарачы менен батир ээси ижара келишимин түзүү зарыл экендигин кошумчалады.
Ижарага берген батир ээси Мамлекеттик салык кызматынан ар бир батир бөлмөсүнө патент алып, ижарачы менен келишим түзөт.
Ижара келишими – бул үйдүн жалпы шарттарын аныктаган, батир берүүчү менен ижарачы ортосунда макулдашылган расмий документ. Башкача айтканда, ижара келишими эки тарапты тең байланыштыруучу документ болуп саналат.
Ижара келишимиңизде камтыла турган эң маанилүү нерселер:
- Ижарачылардын аты-жөнү;
- Жашоо боюнча чектөөлөр;
- Ижара мөөнөтү;
- Ижара акысы;
- Депозиттер жана жыйымдар;
- Оңдоо жана тейлөө;
- Ижарачылардын мыйзамсыз иш-аракетине чектөөлөр.



1 |