super.kg logo

Тажикстандын кол салуусунда дайынсыз жоголгон жоокердин маселеси парламентте көтөрүлдү

 

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңеште Тажикстандын кол салуусунда дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси көтөрүлдү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Дастан Жумабеков бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берүүнү демилгеледи.

"Кечээги коогалаңдан бери дайынсыз болуп жаткан жоокер Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну экен. Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгырып, күтүп жатат. Ушул боюнча эмне иш жүрүп, эмне болуп жатат, күч органдары маалымат берип койсо. Жоокердин дайынын жакындары бизден сурап жатат”, - деди ал.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Ал Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтун аяктаган. Мындан үч ай мурун Дастан Анарбеков "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары болуп дайындалган. 17-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап УКМКга жана президентке кайрылышкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: