super.kg logo

Жапаров "Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог" эл аралык форумуна катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог" эл аралык форумуна катышты.

Мекемеден маалымдашкандай, Жапаров форумда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалыгы алкагындагы аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн жана өз учурунда өтүп жаткандыгын белгиледи.

"Өлкөлөрдүн өкмөттөрү жаңы чакырыктарга дуушар болуп жаткан мезгилде өтүп жаткан мындай иш-чаралар калкты иш менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын сактоо жаатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табууга мүмкүндүк берет", - дейт Жапаров.

Ал ошондой эле төмөнкү милдеттерди чечүүгө басым жасоо зарылдыгын билдирди.

"Биринчиден, бул эмгек ресурстарына карата муктаждыктардын өзгөрүшүнө ылайык жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүү аркылуу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн калкынын иш менен камсыз болушун сактоо. Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк мүнөзгө ээ болгон инфляция эмгекчилердин кирешесин жебеши керек. Үчүнчүдөн, учурда интеграциялык бирикменин рыногуна чыгуусу кыйын болгон жогорку технологиялык товарларды жана санариптик продукцияны өндүрүүнү биргелешип жайгаруу зарыл. Бул үчүн жаңы технологияларды ойлоп табууга жана коомдун керектөөсүнө ыңгайлаштыра алган квалификациялуу кызматкерлер керек", - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, форумдун эки күндүк ишинин алкагында ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумушка орношкон мамлекеттердеги укуктарын социалдык жактан камсыз кылуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болгон мамлекетте жүргөн мезгилинде келип чыккан көйгөйлүү маселелери, евразиялык интеграциянын алкагында эмгекке орноштуруунун уюшкан формаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү маселелери каралат.

Иш-чаранын жыйынтыгында эл аралык форум катышуучуларынын сунуштары жана демилгелеринин негизинде иштелип чыккан резолюцияны кабыл алуу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: