Бишкектеги Куруучулар шаарчасы жарыктандырылды
Бишкектеги Куруучулар шаарчасында сырткы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер 66 светодиоддук чырак, 18 даана темир-бетон мамыларды орнотту, ошондой эле 661 метр узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
Мындан тышкары энергетиктер 1100 метр узундуктагы кабелдик электр чубалгыларын тартып, 44 даана темир мамыларды, чырактар үчүн 20 кронштейн орнотушту.
Белгилей кетсек, ишкана темир тирөөчтөрдү, бетон негиздерди өзүнүн цехинде чыгарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.