super.kg logo

Чек арага жакын айылдардын тургундары облус башчысына бир нече талаптарды коюшту

 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын кол салуусунда болжол менен канча турак үй жараксыз абалга келгенин жана калыбына келтирүү иштери тууралуу журналисттерге маалымат берди.

"14-17-сентябрь күндөрү болгон чек арадагы чыр-чатактын негизинде бүгүнкү күндө чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары Кадамжай районунда, Баткен районунда жана Баткен шаарында жайгашкан мектептерде, кээ бирөөлөрү жарандардын үйлөрүндө жашап жатышат. Эки күндөн бери ал жарандар облустук администрацияга келип мени менен жолугушуу өткөрүштү. Алар бир канча талаптарды коюшту:

1)Чек арадагы чыр-чатакты аягына чейин токтотуу, тынчтыкты сактап калуу маселеси;

2)Калыбына келтирүү иштерин тезирээк жүргүзүү; 3)Жаракат алган жарандарга жардам берүү жана жараксыз болгон үйлөрдү тезирээк куруу деген талаптары менен келишти.

Мен тиешелүү жоопторду бердим. Азыр бул боюнча биз иштеп жатабыз. Мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүлүп, ал комиссия учурда ишин активдүү баштады. Комиссия болжол менен канча зыян келтирилгенин санап чыгышты. Анда 618 үй толук талкаланган, анын ичинен 453 үйдү оңдоп-түзөө иштеринен өткөрсө болот. 165 үйдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрсө болот. Ар бир үй-бүлөгө үй куруп, аягына чыккыча кандай жардамдарды көрсөтүшүбүз керек, балдар окууга кандай барат ушул маселелер боюнча жыйын өтүп, райондордогу мекемелердин башчыларына тапшырма берилди", - деди облус башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: