Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы берилбейт
Бишкекте бүгүн электр энергиясын берүү чектелет. Бул тууралуу “Чүй электр тармактары” ишканасынан билдиришти.
"Эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин жарык Лермонтов, Түштүк Магистраль, Күреңкеев, Калык Акиев, Исанов, Айтматов, Осмонкул көчөлөрүндө, 6-11-кичи райондордо, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Калыс-Ордо, Кара-Жыгач конуштарында жок болот", - деп айтылат маалыматта.
Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин ишканадан кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.