super.kg logo

Бишкекте ишкерден акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды

 

Бишкекте ишкерден акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, милицияга ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Анын алкагында иликтөө иштери башталган.

Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүргөнү аныкталган.

Мындан тышкары кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.

Кечээ күнү ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен кармашкан. Алар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: