super.kg logo

Рысбай Исаков 124 саат манас айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды

 
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, иш-чара Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында орун алган.
Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.
"Гиннесстин рекорддор китебине" катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк
"Гиннесстер китебинин" Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталган багытта катталууда Гиннесс тарабынан бекитилген талаптар сакталгандыгы айтылды.
Иш-чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.
Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп калды.
Иш-чаранын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.
Маалымат үчүн: Исаков манас айтууну 22-сентябрда саат 19:00дө баштап, 28-сентябрга караган түнү саат 3тө жыйынтыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.09.2022. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээнети кайтыптыр. Кандай гана тармак болбосун Гиннеске кирүү оңой олтоң иш эмес.5-6кун Манас айтуу өтө оор нерсе.бир сутка уктабай калсаң кандай алжып каласың. Айрым хейтерлер прикол кылып аттынар эле
29.09.2022. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир карасам уктап аткан экен эле буга караганда беркиси жакшыраак айта беле дейм менин пикирим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: