super.kg logo

Камила Талиева: "Чек арачылардын айлыгы 50 миңден көп болушу керек"

 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Камила Талиева чек арачылардын айлык маянасын көтөрүп, алардын турак жай маселесин биринчи кезекте чечүү керектигин айтты.

"Бүгүнкү күндө чек ара кызматында 400гө жакын ваканттык орун бош турат. Себеби айлык маянасы аз. Баткендин уулдары айлык акы жакшы болсо, келишимдик негизде барып иштеп беребиз деп жатышат. Андыктан биз алардын айлыгын көтөрүшүбүз керек. 50 миңден жогору кылып көтөрүп, бул тармакка көңүл бурбасак болбойт", - деди Талиева.

Мындан сырткары эл өкүлү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесине токтолду. Ал өз сөзүндө Баткен жана Лейлек районундагы ар бир айыл бул макамга ээ болушу керектигин айтты.

"8 айдан бери Баткен облусуна өзгөчө макам берүүнүн тегерегинде сүйлөгөндөн мен чарчабадым же аткарбагандан министрлер кабинети чарчабады. 62 айылды чек ара айылы деп киргиздиңер, бирок бүгүнкү күн эки райондун ар бир айылы чек арачы экенин көрсөтүп койду. Андыктан Баткен менен Лейлек районунун ар бир айылын эске алышыбыз керек", - дейт эл өкүлү.

Мындан сырткары тажик тараптын куралдуу кол салуусунда бутунан айрылган Кулунду заставасынын аскер кызматкери Дастан Шариповго батир алып берүү демилгесин көтөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: