super.kg logo

Чүйдүн тургуну ири өлчөмдө баңгизат менен кармалды

 

Чүй облусунун тургуну 11 килограмм кара куурай экстракты баңгизаты менен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалыматында жазылат.

Министрликтен билдиргендей, БМЖКККнын Талас облусу боюнча башкармалыгына К. аттуу белгисиз жаран Чүй жана Талас облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча Талас ИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларды өткөрүүдө БМЖКККнын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкерлери тарабынан 1972-жылы туулган, Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында убактылуу жашаган С.К. аттуу жаран аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин, ошондой эле эл аралык "Канал-Неман" баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Бишкек шаарынын Орозов көчөсүндөгү үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда, анын аймагында жайгашкан гараждан үч литрлик желим бөтөлкө жана ичинде май суюктугу бар 10 литрлик бир чоң канистр табылган.

Экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, бул суюктук кара куурайдын экстракты болуп, жалпы салмагы 11 килограмм 410 граммды түзгөн.

Бул иш боюнча 1972-жылы туулган С.К. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Азыркы учурда бул баңгилик кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: